Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: Научного журнала «Студенческий» № 1(297)

Рубрика журнала: Педагогика

Скачать книгу(-и): скачать журнал часть 1, скачать журнал часть 2, скачать журнал часть 3, скачать журнал часть 4, скачать журнал часть 5, скачать журнал часть 6, скачать журнал часть 7, скачать журнал часть 8, скачать журнал часть 9, скачать журнал часть 10, скачать журнал часть 11

Библиографическое описание:
Токтосунова М.Ч. БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ // Студенческий: электрон. научн. журн. 2025. № 1(297). URL: https://sibac.info/journal/student/297/356843 (дата обращения: 19.01.2025).

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Токтосунова Малика Чыныбековна

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин ФМО(б)-1-22 тайпасынын студенти,

Кыргызстан, Ош

Авазова Элнура

научный руководитель,

Илимий жетекчиси ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин МИОТ жана ББМ кафедрасынын улук окутуучусу,

Кыргызстан, Ош

ВОЗМОЖНОСТИ ИНФОРМАЦИОННЫХ ТЕХНОЛОГИЙ В ОБРАЗОВАНИИ

 

Токтосунова Малика,

студент, группа ФМО(б)-1-22 факультета математики и информационных технологий, Ошский Государственный университет,

Киргизия, г. Ош

Авазова Элнура

научный руководитель, старший преподаватель кафедры ТОМИ и ОМ, Ошский Государственный университет,

Киргизия, г. Ош

 

АННОТАЦИЯ

Азыркы учурда информациялык технологияларды колдонуу билим берүү жараянына өзгөчө таасирин тийгизип турат. Ошондой эле маалымат берүү жана коммуникация жараянын уюштуруу жаатында да мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда. Бул макаланын максаты – билим берүүдө информациялык технологияларды колдонуу, алардын мүмкүнчүлүктөрү жана алардын жардамында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери каралат. Видео сабак жасоо үчүн CapCut тиркемеси менен иштөөнүн эң негизги эрежелери менен тааныштырылат. Аягында заманбап мугалимдерге өздөштүрүүсү керек болгон инновациялык каражаттар тизмектелди. Бул макала билим берүү жараянын уюштурууда информациялык технологияларды колдонууга кызыккан окутуучуларга, педагогика жаатында билим алган студенттерге арналат.

АННОТАЦИЯ

В настоящее время использование информационных технологий оказывает большое влияние на образовательный процесс. В том числе информационные технологии увеличивают возможности в сфере предоставления информации и организации коммуникационного процесса. Цель данной статьи – рассмотреть использование информационных технологий в образовании, их возможности и повышение качества образования с их помощью. Также в статье можно ознакомиться с основными правилами работы с приложением CapCut при подготовке видеоурока. В конце перечислены инновационные инструменты, которыми должны овладеть современные учителя. Данная статья посвящается преподавателям, студентам интересующимся использованием информационных технологий в организации образовательного процесса.

 

Ачкыч сөздөр: туруктуу өнүгүү максаттары, информациялык-коммуникациялык технологиялар, санарип технологиялар, медиа билим берүү, мобилдик телефон, CapCut.

Ключевые слова: цели устойчивого развития, информационные и коммуникационные технологии, цифровые технологии, медиаобразование, мобильный телефон, CapCut.

 

XXI кылым – илим менен техниканын дүркүрөп өсүп турган доору. Күн сайын жаңылануулар, жаңы техникалар, жаңы терминдер жана ар кандай жаңы нерселер адам баласы тарабынан ойлоп табылып жатат. Күнүмдүк жашообузду мобилдик телефонсуз, түрдүү гаджеттерсиз элестете албайбыз. Санариптик технологиялардын өнүгүшү турмуштун көпчүлүк тармактарына жана чөйрөлөрүнө, анын ичинде билим берүүгө да олуттуу түрдө таасирин тийгизди. Билим бул бакубаттулуктун ачкычы, ар бирибизге прогрессивдүү жашоого жана коомго салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Билим алуу ар бир адамга пайдалуу жана жеткиликтүү болушу керек.

Информациялык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү менен класс-кабинеттерде тиешелүү программалык жабдылыштар, мультимедиялык каражаттарынын, интерактивдүү доскалардын бар болушуна, интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жаралгандыгына байланыштуу окутуунун жаңыча формалары пайда болду. Жаңы информациялык технологиялар теориялык материалды практикада өздөштүрүшүнө шарт түзүп берип жатат [1].

COVID-19 пандемиясында билим берүү системасы технологиялардын жардамында үзгүлтүккө учураган жок. Аралыктан окутуу бир гана биздин өлкөдө эмес, кээ бир чет өлкөлөрдө да бириинчи жолу уюштурулду. Бирок пандемиядан кийин билим берүү бир кыйла алсыздаган жана сапаттуу билимге болгон талап күчөгөн. Коомубузда «билим берүү артка кетти, жаңылашыбыз керек» деген пикирлер айтылып келет. Чындыгында ошондой, бирок анын себептерин иликтеп чыгуу керек. Билим берүү жараяны мындан ары информациялык-коммуникациялык технологиялардын, аралыктан окутуу, онлайн сабактар ж.б. мультимедия каражаттары менен бирге жашайт, ал эми азыркы муун үчүн бул каражаттарды колдонуу кызыктуу жана зарыл.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошумча чаралар көрүлбөсө болжолдуу түрдө 84 миллион бала 2030-жылга чейин мектепке барбай калышы мүмкүн [4].

Билим берүү учурдун актуалдуу маселелерин, тагыраак айтканда, «Туруктуу өнүктүрүү максаттарына» жетүүгө мүмкүндүк түзүүчү ачкыч болот. Адамдар сапаттуу билим алышса жакырчылыкты жоюу, ачкачылыкты жеңүү, дени сак жашоону куруу, суу ресурстарын туура пайдалануу ж.б. бардык максаттарга жетүүгө себеп болот. Билим берүү адамдар ортосундагы толеранттуулукту өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Муну ишке ашыруу үчүн билим берүү мекемелеринде билим берүүнү акысыз жана милдеттүү кылуу, алардын инфраструктурасын жакшыртуу жана учурдун талабына ылайык жабдылыштар менен камыздоо сыяктуу чараларды көрүшүбүз керек.

Дүйнө жүзүндө 2015-жылдан 2021-жылга чейин башталгыч мектепти бүтүрүү, толук эмес орто мектепти бүтүрүүнүн өсүшү байкалды. Улуттук билим берүү максаттарына ылайык, башталгыч мектепти аяктаганга чейин окуучулардын негизги окуу көндүмдөрүнө ээ болгон пайызы 2015-жылдагы 51 пайыздан 2030-жылга чейин 67 пайызга чейин көбөйөт деп болжолдонууда [4].

Билимге жетүү үчүн эң эле кыйынчылык чеккендер Сахаранын астындагы Африка мектептери. Аларды негизги ресурстар менен камсыз кылууда эң чоң кыйынчылыктарга туш болууда. Башталгыч жана орто мектептеринде абал өтө оор. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө балдардын 91% баштапкы билим алуу менен камсыздалган. Бирок 57 млн. бала мурдагыдай эле мектепке барышпайт. Алардын ичинен жарымынан көбү Африка өлкөлөрүндө жашашат. Бүткүл дүйнөдө 103 млн. жаш адамдар базалык сабаттуулукка ээ эмес, алардын ичинен 60% дан ашууну аялдар [5].

Инсанга багыттап окутуу концепциясынын негизинде билим берүү системаларында педагогикалык закон ченемдерди модернизациялоого жана автордук окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка, окуу-тарбия жараяндарында тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү ишке ашырылды. Мындай өзөгөрүүлөр билим берүүнүн бардык баскычтарында окутуунун өндүрүштүк эффективдүүлүгүн көрсүтүү менен окумуштуулардын изилдөө обьектисин түзүүдө. Окутуунун жаңы технологиясы катары: программалык тестирлөө, модуль системасы интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар практикаланууда. Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртты [3].

Азыркы учурдун талабына ылайык окутуу жана тарбиялоо жараяны билим берүү системасында иштеп жаткан педагогдордун башкы проблемасы экендиги баарыбызга белгилүү. Мына ушуга ылайык окутуу жараянынын ийгиликтүү болушу жана окутулуп жаткан предметтер жеткиликтүү өздөштүрүлүшү үчүн окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүү абзел. Буга мисал катары видео сабактар, презентациялар, интерактивдүү доскаларды пайдалануу жана башка ушу сыяктуулар кирет.

Жогоруда айтып өткөндөй жашообузду түрдүү гаджеттерсиз элестете албайбыз. Ошондой эле билим берүүдө да санарип технологияларды пайдалануубуз керек. Санарип технологияларды колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулата алабыз. Санарип технологияларды пайдаланып, билим берүүдө медиабилим берүүнү билүү керек. Алгач медиабилим берүү сөзүнүн аныктамасына көңүл бурсак.

Медиабилим берүү бул-массалык коммуникацияны изилдөөгө үгүттөгөн педагогиканын багыты. Медиабилим берүүнүн негизги маселелери: окуучуларды заманбап маалыматтык шарттарда жашоого даярдоо, ар кандай маалыматтарды кабыл алуу жана аны түшүнүүгө үйрөтүү, анын психикага тийгизген таасиринин натыйжаларын түшүнүү, техникалык каражаттардын жардамы менен коммуникациянын оозеки эмес, байланыш методдорун өздөштүрүү [6].

Мисалы видео сабак аркылуу окуучуларга билим бере алабыз, ал үчүн биз медиабилим берүүнү эске алуу менен видео сабак даярдайбыз. Видео сабакты жасап жатканда педагог өзүнүн чеберчилигин жана ошондой эле алган билимин пайдалануусу керек. Видео сабакты жасоодо мугалим окуучулардын психологиялык өзгөчөлүгүн эске алып, видеону кыска жана түшүнүктүү болуусуна маани берүү абзел. Психологдордун айтуусу боюнча жаш муун узак убакытты алган жана бир темптеги видеолорду көрүшбөйт аларды «тажатма» деп эсептешет. Жаңы өсүп келе жаткан муундун өзгөчөлүгү бат кыймылдашат жана маалыматты бат кабыл алышат.

«Бүгүн биз балдарды кечээкидей окутсак, анда биз балдардын эртеңин уурдайбыз», - деп айткан философ Джон Дьюи. Санарип муун же, Z муунга 1999-жылдан кийин төрөлгөн адамдар кирет, кээ бир адабияттарда 1994-жылдан кийин төрөлгөндөр деп айтылат. Бул муундун өзгөчөлүгү жашоосунун көп бөлүгүн экран алдында өткөрөт. Билим берүү системасы олуттуу маселеге туш болууда – ой жүгүртүүсү жана окуу стили мурунку «кагаз» муундун көндүмдөрүнөн түп-тамыры менен айырмаланган «санариптик» студенттерди адекваттуу даярдоо менен алек болууда. Мугалимдин өз предметин канчалык деңгээлде жакшы билгендигинен гана эмес, анын педагогикалык жөндөмдүүлүгүнөн жана харизмасынан гана эмес, ошондой эле заманбап маалыматты канчалык деңгээлде колдонгонунан да көз каранды экендигин баса белгилей кетүү керек [2].

Учурдун талабына ылайык педагог санарип технологиярды колдоно билиши керек. Мисал катары видео сабакты даярдоону карап көрөлү. Видео сабакты даярдоодо кээ бир эрежелерди эске алуу керек.

  1. Биринчи кезекте камераны туура орнотуу (настройка) керек. Эгер педагог камерага чыгып сүйлөй турган болсо жарыктандыруу (свет, освещение) менен иштөөсү зарыл.
  2. Үн коштоодо сүйлөп жаткан адамдын үнүнөн башка ашыкча үндөрдүн жок болуусуна көңүл буруу керек, эгер видео тартылып бүткөндөн кийин ашыкча үндөрдү байкасаңыз анда атайын тиркемелердин жардамында арттагы ашыкча үндөрдү алып салууга  болот.
  3. Видео сабактын жүрүшүндө педагог ар түрдүү анимацияларды, катмар (наложение) аркылуу кадрларды (футаж) кошуп, хромакей менен иштеп ж.б. инстументтерди пайдаланып кызыктуу видео аркылуу сабак өтө алат. Бул учурда педагогдун берген маалыматтары окуучулардын эсинде жакшыраак сакталат.

Анда эмесе видео сабак даярдоо үчүн курал (инструмент) жана мүмкүнчүлүктөрү көп, ыңгайлуу тиркемелердин бири болгон CapCut тиркемесинин карап көрөлү. CapCut тиркемесинин жардамында сиз видео сабактарды проффесияналдык деңгээлде монтаж жасай аласыз.

  • Биринчи кезекте тиркемени көчүрүп алаңыз. Телефонуңуз Android болсо Coogle Playден, эгер Iphone болсо App Storeдон CapCut деп издеп, «установить» баскычын басып, телефонуңузга көчүрүп аласыз.
  • Тиркемеге кирип «новый проект» баскычын басып буга чейин даярдап алган видео, сүрөттөрдү тандап «добавить» баскычын басыңыз.
  • 2-сүрөттө көрсөтүлгөн беттен монтаж жасоону баштасаңыз болот.

Инстументтер бөлүмү:

  • Изменить - бөлүмүндө «разделить», «скорость», «анимация», «стиль», «удалить» ж.б. баскычтар бар. «Разделить» баскычы менен сиз дасап жаткан сүрөттү же, видеону кыркып же, бөлө аласыз. «Скорость» баскычын басканда «нормальная» жана «кривая» деген баскычтар чыгат «нормальная» баскычы менен видеону бир калыпта тез же, жай кылып убакытын өзгөртө аласыз.Ал эми «кривая» аркылуу видеонун башын тез, ортосун жай, аягын тез сыяктуу видеонун жүрүшүнө жараша өзгөртө аласыз. «Анимация» баскычы менен сүрөт же, видеонун башталышына жана аягына анимация койо аласыз. «Стиль» бөлүмүнөн жасап жаткан видеоңузга кызыктуу стиль койсоңуз болот. «Удалить» баскычы менен жасап жаткан видео, сүрөтүңүздү  же ашыкча кадрларды өчүрө аласыз.
  • Звук - бөлүмүн басканыбызда: «звуки», «авторское право», «извлечено» жана «записать» баскычтары чыгат. «Звуки» баскычын басканыңызда сиздин мобилдик телефонуңузда бар жана тиркеменин өзүнүн сизге сунуштаган mp3 үндөр (музыкалар) чыгат сиздин видеоңузга туура келгенин тандайсыз. «Авторское право» баскычын басуу менен сиз колдонуп жаткан үндөрдү TikTok тиркемесине чыгарууга болобу же, болбой турганын аныктап берет. «Извлечено» баскычы менен башка видеодогу үндү сиз жасап жаткан видеого койо аласыз. «Запись» баскычы аркылуу өзүңүз үн коштой аласыз, кааласаңыз үнүңүздү да өзгөртсөңүз болот.
  • Текст - бөлүмү менен сиз видео же, сүрөтүңүзгө текст, чаптама (стикер) коюп алардын шрифтин, түсүн өзгөртсөңүз болот. Автоматтык түрдө сүйлөп жаткан адамдын сөздөрүн субтитр катары видеого түшүрсөңүз да болот.
  • Наложение - бөлүмү аркылуу жасап жаткан видеоңуздун үстүнө башка видео, сүрөт же, кадр (футаж) койсоңуз болот.
  • Эффекты - бөлүмүндө видеого, видеодогу адамга жана сүрөткө эффект кошуп, видеону кызыктуу кыла аласыз.
  • Соотношение сторон - бөлүмү менен видеонун өлчөмдөрүн 9:16 (Instagram социальная сеть, принадлежащая компании Meta Platforms Inc., признана экстремистской и запрещена на территории Российской Федерации, Tiktok), 16:9 (YouTube) ж.б. өлчөмдөргө өзгөртө аласыз.
  • Фильтры - бөлүмү менен видеого же, сүрөткө түрдүү даяр фильтлерди коюп же, «настроить» баскычын басуу менен өзүңүз каалаган жарык берип түстөрүн өзгөрсөңүз болот.
  • Стикеры - бөлүмүндө түрдүү кардын жаап жатканын, жаныбарлар үчүн, спорттук ж.б. чаптамаларды (стикер) видеоңузга кошсоңуз болот.
  • Холст - бөлүмү аркылуу жасап жаткан видеоңузду кичирейтип, аркасына башка түстөрдү, тиркемеде бар фондорду жана ошол видеонун өзүн бозомук көрүнүшкө алып келе аласыз.

Мындан сырткары educaplay, prezi жана canva сайт, тиркемелерин пайдаланып педагог сабагын санарип муундун талабына ылайык өтүп, сабагынын максатына жете алат.

Корутунду

Учурдагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон билим берүү тармагында информациялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, жыйынтыгында жаңычыл тиркемелерди пайдалануу менен окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, билим сапатын жогорулата алабыз. Заманбап мугалим төмөндөгү инновациялык каражаттарды жакшы өздөштүрүүсү керек:

  • Компьютердик программалар;
  • Мультимедиялык программалар;
  • Дистанттык окутуу технологияларын (Zoom сыяктуу платформалар менен онлайн сабактарды, конференция, жолугушууларды уюштура билүү);
  • Заманбап билим берүү технологиялары;
  • Интерактивдүү ишмердик;
  • Интернет-ресурстар;

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Билим берүүдө онлайн платформаларды колдонуу. Методикалык колдонмо/ М. Алтыбаеванын редакциясы алдында. – Ош, 2021. 177 б
  2. Руководство по инновационным образовательным технологиям. Под общей редакцией проф.Ангела Смрикарова 2020 г.
  3. “Кыргыз тил сабактарында байланыштуу кепти окутуу методикасы” Ош 2007
  4. Туруктуу өнүктүрүү максаттары 4-максат https://www.un.org/sustainabledevelopment/education/
  5. Туруктуу өнүктүрүү максаттары https://www.gov.kg/ky/p/sustainable_development
  6. Медиасабаттуулук жана медиабилим деген эмне? Асель Сооронбаева https://ideaca.today/en/threedot/media-sabattuuluk-bilim-mediamadaniyat

Оставить комментарий