Статья опубликована в рамках: CIV Международной научно-практической конференции «Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке» (Россия, г. Новосибирск, 28 августа 2024 г.)
Наука: Филология
Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции
дипломов
«МАНАС» ЭПОСЫНДАҒЫ ТӘРБИЕ ЕРЕКШЕЛІКТЕРІ
ОСОБЕННОСТИ ВОСПИТАНИЯ В ЭПОСЕ «МАНАС»
Эшиев Асылбек Мирзатилаевич
профессор кафедры гуманитарных дисциплин, Жалал-Абадский государственный университет имени Б. Осмонова,
Кыргызстан, г. Жалал-Абад
Маматова Гулкан Тыныбековна
преподаватель кафедры гуманитарных дисциплин, Жалал-Абадский государственный университет имени Б. Осмонова,
Кыргызстан, г. Жалал-Абад
FEATURES OF EDUCATION IN THE EPIC “MANAS”
Asylbek Eshiev
Professor of the Department of Humanitarian Disciplines, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,
Kyrgyzstan, Jalal-Abad
Gulkan Mamatova
Lecturer at the Department of Humanitarian Disciplines, State University named after B. Osmonov,
Kyrgyzstan, Jalal-Abad
АННОТАЦИЯ
Мақалада «Манас» эпосындағы бала Манастың әкесі Бай Жақыптан қалай тәрбиеленгені туралы айтылады. Эпоста баланың сегіз жасқа дейін қалай тәрбиеленгені егжей-тегжейлі айтылмайды. Бала Манас сегізге толған бойда Ошпур байына қойшы етіп береді. Жақып Ошпурға қой бағумен күн өткізуді айтпайды, «сөйлесін, сүйегі қатсын» деп тапсырма береді. Дене тәрбиесі жағынан жан-жақты дамыған, ойы анық, сөйлей алатын жас жеткіншек дайындайсың дейді. Ошпур бай қарапайым қойшы емес, бай, ақылды, білімді, бір рудың биінің бірі. Жақып «жүз қой әрең» деп баласынан шындықты жасырады. Өйткені, еңбек етіп, ақша табу керек дейді. Негізі, Алтайда Бай Жақыптың 38 мың жылқысы, 6 мың түйесі, 7 мың қойы, 80 мың сиыры болған. Жақып Ошпурға егер бала мінез-құлқы нашар болса немесе ұрса, өз қалауы бойынша тәрбиелеуге рұқсат береді. Эпостық идея бойынша ертедегі баба Оғыз ханнан бастап Бай Жақыпқа дейін ересек балаларды тәрбиелеу мақсатында әсер етудің алуан түрі қолданылған.
АННОТАЦИЯ
В статье речь идет о том, как ребенка Манаса воспитывал отец Бай Джакып. В эпосе не говорится подробно, как воспитывался ребенок до восьми лет. Как только мальчику исполняется восемь, его отдают пастухом Ошпур баю. Джакып поручает Ошпуру, чтобы мальчик стал не только пастухом, а вырос физически здоровым, смелым, смекалистым, красноречивым молодцом. Ошпур бай был опытным, умным, образованным наставником, главой одного племени. Джакып скрывает правду от сына, говоря, что “у него всего-навсего сто баранов”, чтобы он не был ленивым, трудился сам и зарабатывал деньги. На самом деле на Алтае у Бай Джакыпа было 38 тысяч лошадей, 6 тысяч верблюдов, 7 тысяч овец и 80 тысяч коров. Джакып разрешает Ошпуру воспитывать своего ребенка по своему усмотрению, если тот плохо ведет себя или огрызается. По эпической идее, от древнего предка Огуз-хана до Бай Джакыпа применялись различные виды воздействия по отношению к взрослым детям в целях воспитания.
ABSTRACT
The article talks about how the child Manas was raised by father Bay Dzhakyp. The epic does not say in detail how a child was raised until he was eight years old. As soon as the boy turns eight, he is given to Oshpur вay as a shepherd. Dzhakyp instructs Oshpur so that the boy becomes not only a shepherd, but also grows up to be a physically healthy, brave, savvy, and eloquent young man. Oshpur вay was an experienced, intelligent, educated mentor, the head of one tribe. Dzhakyp hides the truth from his son, saying that “he only has a hundred sheep,” so that he would not be lazy, work himself and earn money. In fact, in Altai, Bay Dzhakyp had 38 thousand horses, 6 thousand camels, 7 thousand sheep and 80 thousand cows. Jakyp allows Oshpur to raise his child at his own discretion if he misbehaves or snaps. According to the epic idea, from the ancient ancestor Oguz Khan to Bay Dzhakyp, various types of influence were used in relation to adult children for the purpose of education.
Тірек сөздер: Бай Жақып, бала Манас, Ошпур, қойшы, еңбекке оқу, бес түлік мал.
Ключевые слова: Бай Джакып, ребенок Манас, Ошпур, пастух, воспитание к труду, домашний скот.
Keywords: Bay Dzhakyp, child Manas, Oshpur, shepherd, education for work, livestock.
Макалада “Манас” эпосунда бала Манасты атасы Жакыптын кантип тарбиялагандыгы тууралуу кеп болот. Эпосто сегиз жашка чейин бала кандай тарбия көргөндүгү кенен айтылбайт.
«Манас» эпосунда Алтайдагы бай Жакып сегиз жаштагы бала Манасты таалим-тарбия берүүгө Ошпур койчуга алып барууну чечет.
Саякбай Каралаевдин вариантында:
Бөлөккө бурду санааны,
Ошпурга берди бай Жакып,
Аты Чоң Жинди баланы. [3]
Бул вариантта таалим-тарбия маселеси ачык айтылбаганы менен “бөлөккө бурду санааны” дегенинде Жакыптын түпкү санаасы катылып жаткандай. Бала Манастын жашырын аты Чоң Жинди болгон.
Шапак Рысмендеевдин вариантында:
Катыктырып көрсөк бейм,
Койчу башы Ошпурга
Алпарып муну берсек бейм! [2, 27-б.]
Мында да Жакып Манасты Ошпурга кыларга иш жоктон, же ошоякта жүрсүнчү деп алпарбаган экен. «Катыктырып көрсөк бейм» деп тарбияга бериптир.
Сагымбай Орозбаковдин вариантында:
Сөз айтууга жатыксын,
Сөөгү бышып катыксын...
Ошпур деген койчу бар,
Оңдоп койсун ошолор. [1, 109-б].
Ошентип, Манас сегизге чыкканда атасы бай Жакып “Ошпур деген койчуга” кой баксын, мал баксын деп жөнөтпөстөн, “сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын” деп тапшырат.
Оюн так айткан, сөзгө чебер, дене тарбия жагынан мыкты өнүккөн эр азаматты даярдап чыгаруу талабы коюлат. Эми Ошпур да жөн киши болбой «агала сакал Ошпур бай» болууда.
Демек, эпостогу идея боюнча Ошпурга барган бала татыктуу таалим-тарбия алуусу керек болгон. Бирок көчмөндүк шартта балага таалим-тарбияны бай койчу берүүдө.
Бай Жакып бекеринен Ошпурду тандаган эмес болуу керек. Биздин оюбузча Ошпур – бул кыргыз рухий эпоними.
Сагымбай Орозбаковдин вариантында:
Араң бир жүз коюм бар,
Ошпур деген бир бай бар,
Алтай баксаң козусун
Коюбузга кошумча
Кой берер деп оюм бар. [1, 109-б.].
Бул Жакыптын бала Манаска айтканынан.
Жакып мында “араң бир жүз коюм бар” деп, бала Манастан чындыкты жашырат. Эмне үчүн? Анткени, бай экенбиз деп жатып албай, эмгек кылсын, иштеп мал тапсын. Демек, Жакып бала Манасты эмгекке тарбиялоону максат кылган. А, чындыгында Жакып бай болгон. Алтайда анын 38 миң жылкысы, 6 миң төөсү, 7 миң ую, 80 миң кою жер жайнаган.
Бала Манас:
Жообуңду ата алайын,
Токтобоюн, барамын,
Байкуш болоор нээтим жок,
Мал табууга барамын... [1, 110-б.].
Бала Манас да эмгектенип мал табууга даяр экендигин айтат. Эмне үчүн мал табууга? Буудай, арпа, жашылча-жемиш, бак-дарак өстүрүү Алтайда экенде дээрлик болбоптур. Анткени көчмөндүктө негизги чарба беш түлүк мал (жылкы, төө, уй, кой, эчки) күтүү болгон.
Жакып бала Манасты Ошпурга тапшырып жатып эмне дейт?
Кээде ач болсун, кээде ток,
Кеби тийсе ур да, сок.
Катыксын деп баламды,
Хан Жакыптын талабы. [1, 111-б].
Караңыз, “кээде ач, кээде ток” болсун, көп үйрүлүп түшө бербе, тамакты чактап бер, бышып катыксын дейт. Ооба, кептин баары ушул “катыксын балам” дегенде. Мында таалим-тарбиялык маани камтылган терең ой жатат. Ошпур бай жөнөкөй койчу эмес, тек-жааттуу, интеллектуал, билимдүү, бир уруунун бийлеринен болгон.
Бай Жакып Ошпурга бала Манасты тапшырып жатып “Кеби тийсе ур да, сок” деп, баласы бейбаштык кылса, каяша айтса, аянбай-нетпей эле кагып-согуп тарбиялоого уруксат берүүдө.
Ошентип, эпикалык идея боюнча тээ кылым карыткан эзелки Огуз хан менен Байгур хандын, кийинки Бабыр хан менен Ногой хандын урпагы бала Манасты кагып-согуп тарбия берүүгө уруксат болуптур. Анда бек-бийлердин балдары кантти экен. Караламан калктынчы.
Кыязы, байыркы грек-эллиндик мифтик аскердик спартандык тарбия байыркы кыргызды да кыя өтпөгөн өңдүү. Ушундай таалим-тарбия замандын талабына төп келип өзүн актагандай.
Жашырып айтып Жакып бай
Кайтты үйүнө жайма-жай. [1, 111-б].
Жакып бул сөздөрүн Ошпурду четке чыгарып балага угузбай айтыптыр.
Ошпур кийин Жакыпка арызданып барат. Чыйырды Жакыпка балаңы алып кел деп табыштайт. Бул бала Манастын алтайлык калмактар менен алгачкы тирешүүсүнөн кийинки көрүнүш эле. Жакып Манасты талаада кой баккан жерден таап, эми үйгө кетели дейт.
Анда бала Манас эмне дейт:
Барбаймын деп айта албай,
Бай Жакып сөзүн кайтарбай
Бармак болду баласы,
Жакыптын тынды санаасы. [1, 127-б.]
Бала Манас барбаймын деп айталбай, атасы Жакыптын сөзүн кайтарбай үйгө кетүүгө макул дептир.
Ооба, эч бир кетейин деген ою жок болсо да, атасына каяша сөз айтпай, айтканы менен болуп жолго түшүптүр.
Бул бала Манастын канчалык эр жетип, өз алдынча болуп баратса да, атанын кадыр-баркын урматтап-сыйлоону, атанын сөзүн эки кылууга болбостугун аңдап-туюп калгандыгын айгинелеген.
Адабияттар:
- Манас. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. I китеп. Фрунзе: «Кыргызстан», 1984.
- Манас. Шапак Рысмендеевдин айткан варианты боюнча. Бишкек: «Газета.KG», 2013.
- Манас. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. I китеп. Фрунзе: Кыргызстан, 1984.
дипломов
Оставить комментарий