Телефон: 8-800-350-22-65
WhatsApp: 8-800-350-22-65
Telegram: sibac
Прием заявок круглосуточно
График работы офиса: с 9.00 до 18.00 Нск (5.00 - 14.00 Мск)

Статья опубликована в рамках: CV Международной научно-практической конференции «Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке» (Россия, г. Новосибирск, 25 сентября 2024 г.)

Наука: Филология

Скачать книгу(-и): Сборник статей конференции

Библиографическое описание:
Эшиев А.М., Керімбердиева А.Д. БАҚАЙ ОЛУЯ – «МАНАС» ЭПОСАСЫНЫҢ БАСТЫ КЕЙІПКЕРІ // Экспериментальные и теоретические исследования в современной науке: сб. ст. по матер. CV междунар. науч.-практ. конф. № 9(97). – Новосибирск: СибАК, 2024. – С. 79-85.
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

БАҚАЙ ОЛУЯ – «МАНАС» ЭПОСАСЫНЫҢ БАСТЫ КЕЙІПКЕРІ

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич

Б. Осмонов атындағы Жалал-Абад мемлекеттік университетінің гуманитарлық пәндер кафедрасының профессоры,

Қырғызстан, Жалал-Абад қ.

Керімбердиева Айсалқын Дүйшоқызы

Б.Осмонов атындағы Жалал-Абад мемлекеттік университетінің ағылшын тілі және әдебиеті кафедрасының оқытушысы,

Қырғызстан, Жалал-Абад қ.

СВЯТОЙ БАКАЙ – ГЛАВНЫЙ ГЕРОЙ ЭПОСА «МАНАС»

 

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич

профессор кафедры гуманитарных дисциплин, Жалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова,

Кыргызстан, г. Жалал-Абад

Керимбердиева Айсалкын Дуйшоевна

преподаватель кафедры английского языка и литературы, Жалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова,

Кыргызстан, г. Жалал-Абад

 

HOLY BAKAY - THE MAIN HERO OF THE EPIC "MANAS"

 

Eshiev Asylbek Mirzatilaevich

Professor of the Department of Humanitarian Disciplines, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,

Kyrgyzstan, Jalal-Abad.

Kerimberdieva Aisalkyn Duishoevna

Тeacher of the Department of English Language and Literature, Jalal-Abad State University named after B. Osmonov,

Kyrgyzstan, Jalal-Abad.

 

АННОТАЦИЯ

В статье речь идет о святом Бакае. Орозду, Усен, Бай и Жакып — сыновья Ногой хана. Бакай – сын Бая, на пять лет старше Манаса. Манас — сын Жакыпа, эти двое (Бакай и Манас) были двоюродными братьями. Бакай вырос рассудительным, умным, образованным, патриотичным человеком, отличным от других внуков Ногой хана. Когда он достигает зрелого возраста, присоединяется к Манасу. Он всегда находился рядом с Манасом. Эр Бакай был провидцем и обладал святыми качествами. Манас обратился к нему как “абаке” (дяденька). Государственные, общественно-политические, культурно-массовые вопросы решались по согласованию с Бакаем. Святой Бакай как главный советник Манаса верно служит кыргызскому народу до конца своей жизни.

АННОТАЦИЯ

Мақала Бақай әулие туралы. Орозду, Үсан, Бай, Жақып – Ноғой қанының ұлдары. Бақай – Байдың баласы, Манастан бес жас үлкен. Манас Жақыптың ұлы, бұл екеуі (Бақай, Манас) екі ағайындының балалары еді. Бақай Ноғой қандас немерелерінен бөлек, саналы, парасатты, білімді, ұлтжанды тұлғаға айналады. Ер жетіп Манасқа қосылады. Ол әрқашан Манастың қасында. Ер Бақай көреген, әулиелік қасиеттерді бойына сіңірген. Манас оған “ағай” (нағашы) деп жүгінген. Қандай да бір күрделі мемлекеттік, қоғамдық-саяси, мәдени-бұқаралық мәселелер туындаса, Манас абакесі ер Бақаймен ақылдаса отырып шешіледі. Бақай әулие Манастың бас кеңесшісі ретінде өмірінің соңына дейін қырғыз халқына адал қызмет етеді.

ABSTRACT

The article talks about Holy Bakay. Orozdu, Usen, Bay and Zhakyp are the sons of Nogoy Khan. Bakay is the son of Bay, five years older than Manas. Manas is the son of Zhakyp, these two (Bakay, Manas) were cousins. Bakay grew up to be a sensible, intelligent, educated, patriotic person, different from the other grandchildren of Nogoy Khan. When he reaches adulthood, he joins Manas. He was always next to Manas. Er Bakay was a seer and had holy qualities. Manas addressed him as “abake” (uncle). State, socio-political, cultural and mass issues were resolved in agreement with Bakay. Holy Bakay, as the main adviser of Manas, faithfully serves the Kyrgyz people until the end of his life.

 

Тірек сөздер: Қырғыз, Манас, Қошой, Бақай, Алмамбет, қырық чоро, Көктойды жерлеу тойы.

Ключевые слова: Кыргыз, Манас, Кошой, Бакай, Алмамбет, сорок витязей, тризна по Кокотою.

Keywords: Kyrgyz, Manas, Koshoy, Bakay, Almambet, forty heroes, funeral service for Kokotoy.

 

«Манас» эпосу:

Анын аты Бай болгон.

Байдан эки бала бар,

Байкап кебин караңар.

Улуусу аты Бакай дейт,

Нускалап угуп сөздү жейт [1, 190-б.]

Бай Жеркенди жайлап, “Көйкапка кеткен Үсөндү, көрөмбү деп күсөп”, “Жеркен какыр жер экен, Кашкарыңа карасак, суусу булак, жери таш, баары душман, эли кас” деп, уулу Бакайга кеңеш куруп, Жакыпты издеп, Алтайды көздөй сапар тартат. Демек, Жеркени да, Кашкары да, малга ылайыктуу жер болбоптур. Бай Жакыпты издеп, Алтайды көздөй аттанат. Көптөгөн күн жол жүрүп, көрбөгөн азап-тозокту көрүп, Алтайдагы Жакыпка жолугат. Байдын эки уулунун чоңу Бакай болот.

Ак жаргакка жазган кат

Алып берди Кошойго,

Арапча жазган кат экен,

Катты окуп караса,

Кабылан Манас аты экен.

Ажыбай, Бакай, эр Манас

Үчөө туруп кат жазган. [4, 214-б.]

Бул версия боюнча Алооке кыргынга учурайт. Сагымбайда эки тараптан тең бир киши набыт болбой, Алооке Түп Бээжини көздөй сапар тартканы маалым. Кат араб арибинде жазылыптыр. Катты жазгандар (Ажыбай, Бакай, эр Манас) да, аны окуган Кошой да арапча кат-сабаты бар болууда.

Ошентип, эр Алманбет:

Салам берди заңк этип,

Арстан Манас, эр Бакай

Алик алды барк этип. [2, 332-б.]

Манас менен эр Бакай

Кумалак ойноп калыптыр…

Колдошуп колун беришти,

Баатыр Манас, эр Бакай

Тура калып көрүштү. [5, 74-б.]

Сагымбай менен Шапактагы бул эпизоддор  бири-бири менен коошуп турат. Сагымбайда Ажыбай, Чубак, Сыргак, Кутунай, Чалыбай (маңгул Күлдүрдүн уулу) Алманбеттин алдынан тосуп чыкса, Шапакта Ажыбай, Чубак, Сыргак, Серек беттеп чыгыптыр. Сагымбайда ордо салып, тогуз коргоол ойносо, Шапакта Манас менен Бакай кумалак ойноп калышат экен. Экөөндө тең Алманбет аттан түшүп салам айтат. Манас өзү ушундай талап койгон.

Эпос боюнча Эр наамына эң биринчилерден болуп Бакай ээ болгон. Ал мындай эң жогорку жоокердик наамды Текес хандын ойроттору менен болгон салгылашууда жеке эрдиги жана тапкычтыгы үчүн алган болууда [2, 43-б.]. Бул мезгил ойроттордун жыгач аскерлеринин өрттөлүшүнө туура келет.

Карыя Бакай абасы

Көмүрдөй кара кулжадан

Көбүн атып салыптыр.

Акыр заман журтуна

Кара-Кулжа атагы

Так ошого калыптыр. [2, 170-б.]

Булар Манас аң уулап жүргөн тоо-токойдун аталыштары. Азыркы Арпанын аты илгери Ара-Түз экен. Ал эми Кара-Кулжанын аталышына Бакайдын тиешеси бардыгы дайын болот.

Катуу күлүп эр Манас:

Калмактын атын жоелу,

Башка бир ат коелу...

Абасы Бакай кеп айтып:

Талас болсун деп айтып,

Бул Таластын ээси

Манас болсун деп айтып. [2, 290-б.]

Манастын сунушу, Бакайдын айтканы боюнча мурунку калмактын Көтөлөк деген жери Талас деген жаңы аталышка ээ болот. Эпос боюнча Талас деген топонимдин жаралышына Манас менен Бакай себепчи болуптур.

Кырк баатырга эр Бакай

Жарлык айтып ийиптир:

Кыргыз эмес, Кыйба деп,

Кыйрында тажик кыйла деп,

Кыргын кылып бул элдин

Кызылдай жанын кыйба деп. [2, 409-б.]

Кейип шаары Кыйбага караган болууда. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда Бакай кырк чорого жергиликтүү калкка зордук көрсөтүү болбосун деп жарлык чыгарат. Демек, зарыл учурда Бакай жарлык чыгарууга акылуу болгон.

Артынан жетип эр Бакай

Улак эңген эмедей

Алмамбетти эңип алганы,

Атына кое салганы. [3, 170-б.]

Эпостун бул “Жамбы атканы” бөлүмү Манастын Көкөтөйдүн ашына келген түрдүү-түмөн элдерге кыргыздын рухунун, согуштук күч-кубатынын бийиктигин, андистигин (чеберчилигин) демонстрациялоо максатын аркалаган. Кырк чоронун мындай андистигине Манас, Бакай, Алманбет бир нече жылдык ондогон, жүздөгөн кайра-кайра машыгуулардан соң жетишкен деп ишеним артууга болот. Бакай олуя, акылман гана эмес, эр жүрөк, баатыр, мыкты чабандес инсан болгон.

Бакай атын токуду,

Кошой сөзүн окуду.

Бакай келип кеп айтат,

Бачым жөнө деп айтат.

Абакеңиз эр Бакай

Атын жөндөп токуду. [5, 172-б.]

Көкөтөйдүн ашында Манас менен Коңурбай бир күн кечке сайышып, бири-бирин жыга албай, өздөрү да, аттары да азып-тозгондо аштын эреже-жобосу боюнча ортого алты-алтыдан эрендер чыгып ажыратып калышат. Бул кыргыздын намысы үчүн эр сайышта эр Кошой менен эр Бакай Манастын жанында болуп, ага рухий дем берип жүрүшөт.

Жалгыз Манас жакырың

Өзү жүрөт салышып,

Өлбөгөн жерден калышып.

Кырк чоронун баарысы,

Кыраан Бакай карысы,

Кыргынды бүгүн салышты… [5, 177-б.]

Көкөтөйдүн ашынан кийин көбү кетип, Манас негизинен кырк чоро, Кошой, Бакай, Алмамбет, Сыргак, Бокмурун өңдүү ишенимдүү эрендер менен калып, Коңурбай, Жолой, Нескаранын түмөндөгөн колуна каршы уруш салышат. Бул урушта Кошойдун катаган уруусунун он миң колу катуу туруштук берет. Ногойлордон он миң кол, Бокмурундан дагы бир миң кол Манасты коштоп согушат.

Элчиликке өлүм жок!

Жуучулукка кордук жок!

Арага келген адамга

Илгертен бери зордук жок,

Чыгаргыла буларды!..

Айтып-айтып эр Бакай

Бура тартып кетти эми [5, 192-б.]

Шапак боюнча Манас жети кандын элчисин орого таштатат. (Сагымбайда андай эмес). Муну уккан Бакай жогорудагы сөздү айтып бура бастырып кетет. Бакай түздөн-түз буйрук берген эмес. Бирок ал атайын Манаска жеткидей кылып бакылдап, абакелик нааразы сөзүн өктөм айтып өтөт. Коомдук пикир жаратат. Муну Манас өзү уккан, же ага жеткирип барышкан. Манас Бакайды уккан, бул жолу да анын сөзүн эки кылбай элчилерди бошоттурат.

 

Әдебиеттердің тілдесімі:

  1. Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. I китеп. Фрунзе: «Кыргызстан», 1984. (Манас. По варианту Сагымбая Орозбакова. I книга).
  2. Манас. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. II китеп, Фрунзе: «Кыргызстан», 1980. (Манас. По варианту Сагымбая Орозбакова. II книга).
  3. Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. III китеп. Фрунзе, «Кыргызстан», 1981. (Манас. По варианту Сагымбая Орозбакова. III книга).
  4. Манас. Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. I китеп. Фрунзе: «Кыргызстан», 1984.
  5. Манас. Шапак Рысмендеевдин айткан варианты боюнча. Бишкек: «Газета.KG», 2013.
Удалить статью(вывести сообщение вместо статьи): 
Проголосовать за статью
Дипломы участников
У данной статьи нет
дипломов

Оставить комментарий

Форма обратной связи о взаимодействии с сайтом
CAPTCHA
Этот вопрос задается для того, чтобы выяснить, являетесь ли Вы человеком или представляете из себя автоматическую спам-рассылку.